Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулуш долбоору менен таанышты.
Бишкек-Ош жолунда Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө оор жүк ташуучу жана транзиттик унааларды кошкондо 35 миңге жакын унаа өтөт, натыйжада жол тыгындары шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратууда. Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 14 чакырым жолдун курулуш долбоору иштелип чыгууда.
Долбоордун алдын ала наркы 800 млн сомду түзөт. Ошондой эле Акылбек Жапаров Өзгөн районунун Бөксө-Жол айылындагы авариялык деп табылган №60 орто мектептин абалы менен таанышты. Анда 335 окуучу билим алат. Министрлер Кабинетинин башчысы тармактык мамлекеттик органдарга долбоордук-сметалык документтерди даярдап чыгып, курулуш иштерин баштоону тапшырды.