Жаңылыктар
БШК укук коргоо органдары үчүн семинар-тренинг өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
БШК укук коргоо органдары үчүн семинар-тренинг өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдары үчүн семинар-тренинг өткөрдү. Бул Бишкектин Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоо алдында уюштурулууда. 

Анда 1-декабрдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстердин алкагында иш алып баруу талкууланды. Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга көрүлгөн чаралар айтылып, суроо-жооптор менен коштолду. Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. 

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Биринчи май жана Свердлов округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш беришкен. Эми кайра шайлоо 27-февралда өтөт.