Кыргызстанда Түркиядан билим алууга студенттерге "Түркиянын Стипендиясы - 2022" программасынын алкагында каттоо башталды.
Түркиянын жогорку окуу жайларына бакалавриат, магистратура жана докторантурага бюджеттик негизде тапшырууга болот. Туркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей каттоо 10-январдан 20-февралга чейин уланат. Жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандар info@turkiyeburslari.gov.tr порталынан толук маалыматтарды алса болот.