Жаңылыктар
Өлкөдө жашоо минимуму өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө жашоо минимуму өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү

Өлкөдө былтыр жашоо минимумунун көлөмү 6 миң 268 сомду түздү. Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү. 

2021-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында 19,1 пайызга, Баткен оюлусунда 18,1 пайыз белгиленди. Өкмөт 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт. 

Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 калорияны түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белок жана 71 грамм майды камтыйт.