Жаңылыктар
Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтыгы талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. 

Сауд тараптын демилгеси боюнча эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Айбек Артыкбаев менен Валид Аль-Херейджинин онлайн жолугушуусу болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого багытталган натыйжалуу кадамдарды жасоону макулдашышты. 

Ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата маданият күндөрүн, туризм жана бизнес форумдарды биргелешип өткөрүү боюнча сүйлөшүлдү.