17-январь - залкар акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнү. Анын көзү тирүү болгондо бүгүн 44 жашка чыкмак.
Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элдин жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып калды. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарган.
Ак таңдай төкмө өмүрүнүн акыркы жылдары "Төкмө келсе, төр бошот" теле долбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын өнөр устаты болуп келди.
Акындын туулган күнүн утурлай жана анын чыгармачылыгын эл арасында кеңири даңазалоо, эл аралык деңгээлге чыгаруу максатында кароо-сынактар, концерттер жүрүп жатат.
Андан тышкары КТРК жана "Маданият. Тарых. Тил" каналдары аркылуу эскерүү кечелери уюштурулууда.