Казакстандагы каршылык акциясынан Алматыда 160 киши мерт болду. Алардын 11и Укук коргоо органдарынын кызматкери. Бул тууралуу Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов брифингде билдирди.
Таймерденов өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан өткөн” адамдар өлүкканалардан сөөктөрдү уурдоого аракет кылган жети учур катталганын маалымдады. Казак бийлиги мурдараак тополоңдордун жана кыйратуулардын артында “эл аралык террорчулардын бандасы" турганын билдирген эле.“Чабуулдарды атайын даярдыктан өткөн, курал кармаганды жана согуш ыкмаларын мыкты билген адамдар жасаган”, - деди ал.