Россиянын борборунда, Кремль сарайында Борбор Азия элдерин тынчтыкка, достукка жана биримдикке чакырган чоң концерт өттү. Иш-чараны кыргызстандыктар уюштурган.
Россиянын башкы сахнасында – Мамлекеттик Кремль сарайында “Борбор Азия элдеринин достугу” аттуу гала-концерт өттү. Иш-чара башталар алдында көрүүчүлөр чакан концерт уюштуруп, фойеде майрамдык маанай өкүм сүрүп турду.