Казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын кесип өтүү чектелгендиктен Казакстанда баш аламандыктар учурунда каза болгон Кыргызстандын жараны Мусаевдин энесине Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат алынганын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маркумдун энеси эртең, 12-январда Казакстанга чыкканы турат.
Казакстандагы соңку күндөрдөгү абалдан улам ал жактагы кыргыз жарандарына саясий-укуктук жана башка зарыл жардамдар көрсөтүлүп жатат. Ал арада коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары чет элдик жарандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды да текшерип жатканын билдирүүдө. Кыргыз бийлиги мекендештерди тынчтыкты сактап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.