Жаңылыктар
Жаңы жыл майрамында милиция коомдук коопсуздукту камсыздайт
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жыл майрамында милиция коомдук коопсуздукту камсыздайт

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жаңы жылдык майрамдар учурунда коомдук коопсуздукту сактоо багытында ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерип, ИИМдин борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, кызматтарынын, облустук жана шаардык милициянын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү. Министр онлайн кеңешмеде 2021-жылдагы Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү менен бирге олуттуу багыттарды белгиледи.

“2021-жыл аяктап, Жаңы 2022-жылды тосуунун алдында турабыз. Аяктап бара жаткан жыл, ички иштер органдары үчүн бир катар кыйынчылыктарды жараткан ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жылдан болду. Бирок, өйдө-төмөн оорчулуктарга карабастан элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга жетиштик. Андан тышкары, иш кагаздарын электрондук тартипке өткөрүү жөнүндө тапшырма берилди. Заманбап технологиянын мейкининде жүгүртүлө турган иш кагаздарды ырастап, “Алгоритм” жана “Жобо” иштеп чыгып, жакынкы аралыкта электрондук форматка өтүүгө милдеттүүбүз.

Милициянын башкы максаты – укук жана мыйзам бузуулардын алдын алып, коопсуз мамлекет куруу болуп эсептелет. Жаңы жылдык иш-чаралар учурунда, элдин коопсуз эс алуусуна бардык тиешелүү шарттар түзүлсүн - деди Улан Ниязбеков.