Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду кирип келе жаткан 2022-жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми бир тууган өзбек элине тынчтыкты жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.