Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды. Мамлекет башчысы социалдык стационардык мекеменин жаңы имараты менен таанышып, аталган жайдын тарбиялануучуларынын тамак-аш, окуу жана жашоо шартын көрүп, алардын сабактарына катышып, балдар менен баарлашып, белектерди тапшырды.
Беловодск айылында жайгашкан бул мекемеде акыл-эсинин өсүүсү начар болгон төрт жаштан он сегиз жашка чейинки өспүрүмдөр туруктуу жашап, ушул жерде билим алышат. Балдардын саламаттыгы да атайын адистердин көзөмөлүндө. Социалдык мекемеге өлкө башчысы барды.
Президент социалдык стационардык жайдын заманбап жабдуулар менен жабдылган жаңы имаратын көрдү. Ал тарбиялануучулардын тамак-аш, окуу жана жашоо шарттары менен таанышып, сабактарына катышты.
Мамлекет башчысы балдардын тамак-ашына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Президент балдардын азыгына бөлүнгөн күнүмдүк каражаттын суммасына кызыгып, бөлүнүп жаткан акча өспүрүмдөрдүн дени сак өсүүсү үчүн жетишсиз экендигин билдирди.
"Өзгөчө" балдар тарбияланган бул мекеме өткөн кылымдын отуз бешинчи жылынан бери иштеп келет. Эки жүз элүү балага ылайыкталган социалдык стационардык жайдын тарбиялануучуларына өзгөчө көңүл буруу керек болгондуктан сабактар жекече ошол эле учурда жалпы класстарда окутулат.
Бул жайда жашап, билим алган ар бир бала айрыкча көңүл бурууну талап кылат. Андыктан балдардын акыл-эсинин өсүүсүнө, физикалык саламаттыгына адистер көзөмөл кылып турушат. Президент балдар менен баарлашып, аларга ала келген белектерин тапшырды.
"Психоневрологиялык социалдык стационардык жай" деп айтылганы менен билим алып жаткан ар бир бала таланттуу. "Президент келет",- деп балдар жасаган буюмдардан чакан кол өнөрчүлүк көргөзмөсү коюлган.
Андан соң президенттин катышуусу менен социалдык стационардык жайдын мугалимдери жана тарбиячыларынын жолугушуусу өттү. Садыр Жапаров мекеменин эмгек жамаатына баа жеткис эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, алар аткарган иштин маанилүүлүгүн белгилеп, социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин колдоо боюнча пландар тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун соңунда өлкө башчысы социалдык мекемеге финансылык колдоо иретинде беш жүз миң сомдун сертификатын тапшырды. Кыргызстанда мындай психоневрологиялык интернаттан экөө бар. Бири Жалал-Абад облусунда.