Бүгүн олкодо балдардын биринчи онлайн саммити өттү. COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режимде болду. Иш-чарага вице-премьер-министри Аида Исмаилова, ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм жана балдар катышты. айта кетсек, бул ирет бир учурда жети областтын балдары бир-бири менен туз байланышта болду пикир алышышты.
Балдардын саммити бөтөнчө форматта, онлайн негизинде уюштурулду. Иш-чара быйылкы жылы артыкчылык берилген балдарды коргоо максатын көздөйт.
Балдар өлкөнүн келечегине кайдыгер карабайт. Өзүлөрү кабылган көйгөйлөр улуулардын көңүл борборунда болсо дешет. Маселен саммитке Ош облусунан катышкан окуучулар жаңы мектептер ачылып, мугалимдер да көбөйсө деген тилекте. Онлайн саммитке Таластан катышкан өспүрүмдөр коомдогу эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болгон балдарга карата зомбулук маселесин козгоду.
Баткендик окуучулар зомбулук көйгөйүн атайын окутуулардын жардамы менен жоюну сунуштайт. Балдардын коопсуздугу башкы орунда болушу керек деген көпчүлүктүн тилеги. Бирок, зомбулукка байланыштуу айтылган сандар өлкөдө бул көйгөй тереңдеп баратканын айгинелейт. Туура бир жыл мурда мамлекет башчысынын демилгеси менен зомбулукка каршы “Тумар” өнөктүгү башталган.
Эпидемиологиялык абал балдарды үйдөн чыкпоого аргасыз кылды. Бирок алар коронавирус шарттаган абалдын оң жагын да таба алышты. Саммитке катышкан вице-премьер-министр Аида Исмаилова балдардын пикирин кубаттады. Ал мамлекет ар бир баланын укугун укугун коргоого милдеттүү деп эсептейт. Кыргызстандык балдарды, онлайн саммиттин катышуучуларын ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчилери, кино жана музыканын дүйнөлүк жылдыздары да куттуктады.