Президент Садыр Жапаров 8-9-майда Россияга иш сапары менен барат. Мамлекет башчыны ал жакка Россиянын лидери Владимир Путин чакырган. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Анын айтымында, алдыдагы иш сапарынын алкагында өлкө жетекчиси Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү маарекелик Жеңиш парадына катышат.
Белгилей кетсек, алдыдагы салтанаттуу парадга Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышат.