Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы курулуп бүткөн реабилитациялык корпус ишке берилди. Жаңы имарат аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында курулду. Калыбына келтирүү боюнча бөлүм акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен да камсыз болду.
Ошондой эле мекеменин негизги имараты капиталдык оңдоодон өттү. Бул максатта мамлекет тарабынан 170 миллион сом бөлүнгөн.
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен мугалимдер үчүн көптөн күткөн күн да келди. Жаңы имараттуу болууну эңсеген балдар атайын ыр, бийлерди даярдап камданышкан. Лида иш-чаранын катышуучуларына жаттаган ырын айтып берди.
Жаңы корпусту куруу менен кошо мекеменин негизги имараты да капиталдык оңдоодон өттү. Учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саламаттыгын чыңдоо максатында толук шарттар түзүлдү. Алдыда эми кубаттуу электр энергия менен камсыздоо иши турат. Себеби физикалык терапия үчүн сатып алынган заманбап жабдуулар көп кубаттулукту талап кылат.
Беловодское айылында 1935-жылдан бери иштеп келе жаткан бул мекемеде азыр 217 бала тарбияланууда. Алардын көпчүлүгү шал, Даун жана башка оорулар менен жабыркайт. Балдардын ар бири өзгөчө психологиялык жана физикалык жардамга муктаж. Тарбиячылардын айтымында, заманбап шаймандар менен жабдылган жаңы имараттын ачылышы балдардын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болот.
Мындан тышкары, ушул эле долбоорго ылайык, Жалал-Абад облусунда да ушундай реабилитациялык борбор ишке берилди. Ал да заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Ал мекеме 1970-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө мында 5-18 жашка чейинки 116 бала жашайт.