Жаңылыктар
УКМК: "Айыл банк" боюнча иликтөө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: "Айыл банк" боюнча иликтөө башталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Айыл Банк" ачык акционердик коомундагы коррупция фактысы боюнча иликтөө иштерин баштады. 

Президент Садыр Жапаровдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган тапшырмасына ылайык, УКМК 100% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон "Айыл Банктын" ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында, банк тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу боюнча ири өлчөмдөгү насыяларды мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары боюнча маалыматтар тастыкталды.

Мындан тышкары, аталган насыялар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталганы - бул кредиттердин Банкка төлөмдөр боюнча чоң карызы бар экендиги аныкталды.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча "Айыл Банктын" жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.