Жаңылыктар
Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунун Москва районунун аймагынан 2 даана магазини бар тапанча, ар кандай көлөмдөгү октор, тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жардыруучу заттар сакталган жер табылды. 

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталды.

 Учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 

УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. 

Ошондой эле, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.