Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.
Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Режеп Тайып Эрдоган өз ара сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө үмүт артарын билдирди. Президент Садыр Жапаров өз кезегинде түрк тарапка меймандостугу жана саммитти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал быйыл эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толуп жатканын эске салып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдөөгө ишеним билдирди.
Садыр Жапаров буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, анын ичинде Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.
Анын пикиринде, мындай фонд эки өлкөнүн инвестициялык жана каржылык мамилелерин кеңейтүүгө эки тараптын кызыкчылыгына негизделип, кыргыз жана түрк ишкерлеринин мамлекеттик жана жеке өзүн өзү каржылаган долбоорлорун ишке ашырууга салым кошууда.
Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери бардык актуалдуу багыттарда биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.