Президент Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарына болгон иш сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү талкууланды.
Жумушчу сапарын улантып, Садыр Жапаров Түрк Кеңешинин башка лидерлери менен бирге Стамбул шаарында Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылыш аземине катышты.
Саммиттин жүрүшүндө Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда уюмдун эл аралык аренадагы маанилүү ролун, ошондой эле Кыргызстандын мындан ары да түрк дүйнөсүнүн мамилелерине жана боордоштугуна активдүү катышууга, түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстерин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга даярдыгын белгиледи. Ал Кеңешке мүчө мамлекеттерди биримдикке жана кызматташтыктын бардык тармактарында өз ара аракеттенүүнү шайкеш келтирүүгө чакырды.
Садыр Жапаров ошондой эле бардык лидерлер менен бирге Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин атын Түрк мамлекеттер уюмуна өзгөртүү жана макамын жогорулатуу боюнча бирдиктүү пикирин билдирди.
Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшту, атап айтканда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин атын Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү, Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүү, Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы, "Түрк дүйнөсүнүн көз караштары 2040" стратегиялык документин кабыл алуу чечими, Түрк фондун түзүүнү аяктоо ж. б. кирет.
Саммиттин аянтчасында Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчысы иш сапарын аяктаган соң, 13-ноябрь күнү эртең менен Бишкекке кайтып келди.