Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 29-октябрда 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиев дүйнөдөн кайтты.
Ал 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Коомчулукка драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары белгилүү болгон. Мар Байжиев Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия мамлекеттеринин театр сахналарында ийгиликтүү коюлган жана Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдова, Өзбекстан, Казакстан театрларынын репертуарларына кирген бир катар белгилүү пьесаларды жараткан.
Алар «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Он экинчи күн», «Төрт адам» пьесалары. Мунун ичинен көпчүлүгү чет тилдерге которулуп, СССР мамлекеттеринде коюлган «Эрөөл» пьесасы өзгөчө ийгиликке ээ болгон.
Мар Байжиев кыргыз киносунун башатында туруп, анын сценарийлери менен тартылган фильмдер дүйнөлүк жана Борбор Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон.
Мындан сырткары «Манас» эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал «Манас» эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору, Улуттук китепканада «Манас» эпосуна жана кичи кыргыз эпосторуна арналган сүрөт галереяларын уюштурган, репрессияга учураган манас таануучулардын атындагы сыйлыктарды уюштурган, «Манас» эпосунун орус жана англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган.
Мар Байжиев Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин жана башка манасчылардын варианттары боюнча “Манас» эпосун орус тилине көркөм которууну ишке ашырган. Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн негизи болгон элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып, чет элге жайылтууда, кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн Мар Байжиев III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендери менен сыйланган.
Мекенди сүйүүнүн, ардактоонун жана өлкөгө кызмат кылуунун бийик үлгүсү болгон, интеллектуалдык деңгээлинин бийиктиги, масштабы менен кыргызды дүйнөгө татыктуу тааныта алган, идеяга бай, көп кырдуу таланттын элеси кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз. С. Н. Жапаров, А. У. Жапаров, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, Г. С. Молдобекова, А. К. Жаманкулов жана башкалар.