Президент Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапар менен Куала-Лумпур шаарында болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
«Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат. Расмий сапардын алкагында президенттин Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле бизнес-коомчулук менен диалог өткөрүүсү да пландаштырылган. Бул сапар Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий сапары болуп саналат», - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.