Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөргө мыйзамсыз миграциясын уюштурган канал аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган жеке агенттиги “PEACE” ЖЧКсы белгилүү бир суммага Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасалмалоо аркылуу Европада жана Америка Кошмо Штаттарында жарандарды жумушка орноштуруу боюнча кызматын мыйзамсыз көрсөтүп келген. Бул жасалма паспортторду колдонгон жарандар Украинанын чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргызстанга кетирилген. Бул факты КЖБРге катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашырынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды.Учурда кармалган адам Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик техникалар жана кеңсе техникалары табылып алынды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандар болсо төмөнкү телефон аркылуу кайрылса болот: (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55-81-25.