Жаңылыктар
Жыл башынан бери беш жүзгө жакын адам жол кырсыгынан көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери беш жүзгө жакын адам жол кырсыгынан көз жумду

Кыргызстанда сегиз айда 4 миң 637 жол кырсыгы катталды. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдиргендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда 33,4 пайызга көп. 

Былтыр сегиз айда 3 миң 474 жол кырсыгы болгон. Жыл башынан бери жол кырсыктарынын кесепеттеринен 497 адам өмүр менен кош айтышкан. 6 миң 900 адам ар кандай жаракаттарды алган.