Ысык-Көл облусунда «Туруктуу музей: Аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү» аттуу форум өтүүдө. Биринчи Улуттук музей форуму өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында уюшулуп, көз карандысыз коомдук жана маданий мекемелер катары музейлердин ролун күчөтүү максатын көздөйт.
Форумга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандагы комиссиянын өкүлдөрү, “Музейлер консорциуму» ассоциациясы, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген музей адистери менен чет жерден келген серепчи адистер да катышууда.
Иш-чарада музейлерде сакталган тарыхый мурастар аркылуу улуттун баалуулуктарын, түпкү тегин даңазалоо жана келечек муунга таанытуу мүмкүнчүлүгү ар дайым проритетте болушу керектиги айтылды. Андыктан музейлерди жана алардын уникалдуу коллекцияларын сактоо жана өнүктүрүү боюнча аракеттерди бириктирип, музей тармагын жандандыруу, коомчулуктун кызыгуусун арттыруу боюнча пикирлерин ортого салышты.
Учурда өлкө аймагында 58 мамлекеттик музей жана ар кандай профилдеги 100дөн кем эмес музейлер бар. Алар мамлекеттик, ведомстволук, университет, мектептерде түптөлгөн музейлер жана жеке үй музейлер.