Баткен районунун мектептери жаңы окуу жылына толугу менен даяр. Жайы бою кезектеги оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн.
Быйылкы окуу жылында сабактар салттуу түрдө баштала тургандыктан ар бир билим берүү мекмесинде санитардык талаптар күчөтүлгөн жана керектүү каражаттар менен камсыздалган. Район аймагында 53 мектеп болсо, анын 10 ну авариялык абалда. Ал эми өткөн жылдын аягында өртөн жабыркаган Чоң-Талаа айылындагы мектепке кошумча 100 орундуу окуу корпусу курулуп, окуучуларды кабыл алууга даяр турат.