Индиядан Кыргызстанга келген ишкерлер делегациясынын сапары жемиштүү болду. 5 күнгө созулган иш-сапардын алкагында чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке структураларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, бир топ тармакка кызыкдар экенин билдиришкен.
Сапары карыган Индиялык делегациянын өкүлдөрү ой-пикирлери менен бөлүштү. Кыска убакытта алар Кыргызстандагы жолугушууларды өткөрүп соода-экономикалык байланышты чыңдоо аракетин көрүшкөн. Индиялык ишкерлер өз мекенине вино ичимдигин экспорттоого ниеттенүүдө. Делегация ичимдик өндүргөн ири компаниянын иши менен таанышкан. Мындан тышкары Кыргызстандан Индияга кургатылган жемиштерди, бал, дары чөптөрдү жана жаңгактарды экспорттоо пландалып жатканын белгиледи.