Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн 1 млрд долларга жеткирип, мындан сырткары инвестициянын көлөмүн көбөйтүү боюнча тыгыз кызматташат.
Мындай олуттуу демилгелер ортого салынган кыргыз түрк ишкерлер кеңеши бүгүн Бишкекте өтүп, ага эки өлкөнүн ондогон бизнес өкүлдөрү, жогорку мамлекеттик мекеме жетекчилери катышты. Түркия тарап Кыргызстанда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр, ал эми Кыргызстанда боордош өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнө бардык тиешелүү шарттарды түзүп берүүнүн үстүндө иштеп жатат.