Жаңылыктар
Индиядан Кыргызстанга келген ишкерлер делегациясынын сапары жемиштүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
Индиядан Кыргызстанга келген ишкерлер делегациясынын сапары жемиштүү болду

Индиядан Кыргызстанга келген ишкерлер делегациясынын сапары жемиштүү болду. 5 күнгө созулган иш-сапардын алкагында чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке структураларынын өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрүп, бир топ тармакка кызыкдар экенин билдиришкен. 

Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбал өз мекенине Кыргызстандан ичимдик түрлөрүн экспорттойм деген ниетин билдирди. Алар бул багытта ири ишкананын иши менен таанышкан. Андан тышкары Икбал Кыргызстандан Индияга кургатылган жемиш түрүн, бал, дары чөп экспортто пландалып жатканын билдирди. 

Индиялык ишкерлер туризм, билим берүү, айыл чарба жана башка бир катар тармакка кызыгуусун билдирген. Индиядан Кыргызстанга фармацевтикалык компаниялар, киноматография, туристтик компания жана АЙ-ТИ технология сунушталган. 2019-жылдын көрсөткүчү менен эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 82 миллион долларды түзгөн. Тараптар алаканы мындан ары дагы чыңдоо аракетин көрүүдө.