«Унаа» мамлекеттик мекемеси август айынан тартып транспорт каражатын каттоо алдында кароо жүргүзүп, унааларды планшетте сүрөткө тарта баштады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, демилге коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга, текшерүү жол-жобосун иш жүзүндө жүргүзбөй автоунааларды каттаган учурларды жоюуга багытталган.
Сүрөткө тартуу учурунда ошол тасмага тарткан жердин координаттары дагы электрондук маалымат базасына кошо киргизилет. Жаңы стандартка ылайык, системага фотосүрөттөрдөн жана текшерүү протоколунан тышкары, кузовдун номери, машинанын жайгашкан жеринин координаты жана текшерүү жүргүзүлгөн күн киргизилет.