Жаңылыктар
Элчи Динара Кемелова Түштүк Кореянын Химчан клиникасынын директору менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Элчи Динара Кемелова Түштүк Кореянын Химчан клиникасынын директору менен жолугушту

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Химчан клиникасынын директору Стефан Чо менен жолугушту. Анын жүрүшүндө тараптар эки өлкөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулап, кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты. 

Ошондой эле саламаттык сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиги айтылды. Тараптар ооруканаларды куруу жана медициналык кадрларды даярдоо боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. 

Элчи корея тараптан медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндү.