Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард куб метрди түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард куб метрди түздү

Бүгүн, 10-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 120 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 317 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 186 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдөн ээрип келип толот.