Жаңылыктар
Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат-Октай келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат-Октай келди

Кыргызстанга Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди. 

«Манас» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды. Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 10-сентябрда Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. 

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.