Жаңылыктар
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Израилде белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Израилде белгиленди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Израилде белгиленди. Ага чет өлкөлүк дипломаттар, КМШ өлкөлөрүнүн элчилери жана башка жогорку даражалуу меймандар катышты. Иш-чаранын алкагында эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Израилдеги Кыргызстандын консулдугунда салнаттуу белгиленди. Консул Дмитрий Шкаф Тель-Авив шаарындагы резиденцияга чакырылган кадырлуу конокторду, чет өлкөлүк дипломаттарды жана Кыргызстандан барган өкүлдөрдү жылуу тосуп алды. Кечеге Израилдеги Көз карандысыз мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн элчилери катышты.

Чакырылгандар үчүн чоң программадагы маданий кече уюштурулду. Адегенде дипломатиялык протокол боюнча эки өлкөнүн гимндери жаңырды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Израилдин Тышкы иштер министрлигинин протоколунун башчысы Гиль Хескль эки өлкөнүн ортосундагы кызматташык мамилени жогору баалап, зор ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, ал кызматташуу кагаз түрүндө эмес, иш жүзүндө бекемделээрин билдирди.

Кыргызстандын Израилдеги консулу Дмитрий Шкаф жеке эле медицина тармагында байланыштарды арттырбастан, башка да багыттарда эки тараптуу мамилелер чыңдалып келээрин белгиледи.

Кыргызстан менен Израилдин дипломатиялык мамилеси 1992 -жылдын 4 -мартында түзгөн. Бул аралыкта эки мамлекетти айыл чарба, соода, маданият жана медицина тармагындагы тыгыз кызматташтык байланыштырып келет.