Жаңылыктар
Ош облусунда эмдөөнүн биринчи этабы толук жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда эмдөөнүн биринчи этабы толук жыйынтыкталды

Ош облусунда эмдөө боюнча жүргүзүлгөн иштердин биринчи этабы толук жыйынтыкталды. Бирок, Кара-Суу жана Өзгөн районунда эпидемилогиялык кырдаал дале болсо кооптуу бойдон сакталууда. Буга байланыштуу, Ош шаарында жарандарды эмдөөгө чакырган акция өттү.

“Эмдөө сиздин жакындарыңызды коргойт” деген чакырыктын алдында Ошто массалык эмдөө акциясы өттү. Ага медицина кызматкерлери, шаар тургундары катышты. Иш чара концерттик программа, жаштардын түрдүү флешмобдору менен коштолду. 

Борбордук аянтта каалоочулар үчүн акысыз эмдөө жүрдү. Бул үчүн медициналык каражаттар менен камсыздалган көчмө лаборатория иштеди. Эмдөөдөн өтүүнү каалаган жарандардын саламаттыгы текшерилип, каттоого алынды. Коронавирус тумоосуна каршы вакцина алгандарга белектер таратылды. 

Акциянын башкы максаты, жугуштуу тумоонун оор түрүнүн алдын алуу жана аны жайылтпоо. Адистер, эмдөө- коронавирус инфекциясынан сактануунун ишенимдүү жолу экенин айтышат.

Ал эми, Ош облусунун райондорунун 100 пайыз калкы эмдөөнүн биринчи дозасын алышты. Бирок, эпидемилогиялык кырдаал Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда дале болсо кооптуу бойдон сакталууда. 

Оорунун ооздукталбай жатышынын башкы себеби жөнөкөй санитардык эреженин сакталбаганында-дейт дарыгерлер. Буга Өзгөн районук төрөтканасындагы биз көргөн бир эле мисалды келтирсе болот. Былтыр гана жаңыдан пайдаланууга берилген мекемеде, эреже-талаптар сакталбайт. Каалагандар тоскоолдуксуз эле мекеменин ичине чейин кирип кетип жатышат. 

Мындан улам дарыгерлер санитардык эрежелерди тыкыр сактоого чакырышат. Жөнөкөй талаптарды аткаруу менен гана оорудан сактанса болот.

Акыркы бир жыл ичинде 26 миң жаран ПЦР тест тапшырган. Азыр Ош шаарындагы вирусологиялык лабораториянын кампасында 21 миңдей изилдөөгө жетиштүү тест системанын кору бар.