Энергетика тутумунун күз-кыш мезгилине карата камылгасы октябрь айында аякташы күтүлүүдө. Ушул күндө электр энергия бөлүштүрүүчү компанияларда жумуштун 80 пайыздан ашыгы аткарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди. Ремонт иштери жер-жерлерде дагы деле жүрүп жатат.
Адистер азыр электр чубалгыларын жаңысына алмаштырууда. Көбү союз маалынан бери алмашпай эбак эскилиги жеткен. “Түндүк электр” ишканасы тарабынан быйылкы жылдын 500 чакырымдан ашык изоляцияланган зымдарды орнотуу пландалган. Чүй облусунда 369 чакырым, Бишкек шаарында 115, ал эми Таласта 30 чакырымдай аралык жаңыланат.
“Түндүк электр” ишканасында 35 килоВольттогу жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор ремонттон өткөн. Техникалык тейлөө жана оңдоп-түзөө иштери 80 пайызга аткарылып, калган каткан жумуштар жасалууда. Электр энергияны көп керектеген аймакты тейлеген ишкана октябрда жумуштарды аягына чыгарат.
Азыркы күндө өлкөдө электр энергияга болгон чектөө жок. Бул тууралуу парламентте энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди. График боюнча ГЭСтерде 10-15 пайыздык жумуштар калды. Ошол эле маалда өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында коңшу өлкөлөрдөн электр энергия импорттолууда.
Соңку жылдары мамлекет эскирген энергетика системасын жаңылоого көңүл буруп келет. Учурда калкты электр энергия менен камсыздаган жабдуулардын 70 пайыздан ашыгы мөөнөтү аяктаган. Реконструкция иштери жакшы жыйынтык берип жыл өткөн сайын авариялык өчүрүүлөр азайып жатат.