Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында комуз күнүнө арналган “Таңшы комуз” иш-чарасы өттү.
Майрамдык салтанатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргеликте өткөрдү. Иш-чара белгилүү комузчулар, Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын, Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын “Акак” комузчулар ансамблинин, Эл аспатар оркестри, Балдар искусство мектептеринин жана П.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан-кыздары комузда кол ойнотушту.
Иш- чара түз эфирде “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу көрсөтүлдү.