Кыргызстанда бажы алымдары жана салыктардын белгиленген чендери өзгөргөн жок. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.
Жакында эле Бишкектеги "Дордой" базарынын соодагерлеринин митинги өткөн. Анда алар Кыргызстанда коомчулукка эч кандай маалымат берилбестен бажы алымдары эки эсе кымбаттаганын айтып чыгышкан. Мекеме бажы акысы - бул бажы төлөмүн эсептөө базасы экенин айтып, бул товарларды туура классификациялоодон көз каранды экенин белгиледи.
Ошондой эле Бажы кызматы айрым ишкерлер бажы декларациясына товар боюнча туура эмес маалымат көрсөтүп коюп жатканын кошумчалады. Маалыматка ылайык, бажы алымдарынын кыйла жогору чендери коюлган "кийим, бут кийим" деген товардын ордуна коюму төмөн товарлар чыгып калууда.
Башкача айтканда, жүк ташуучу фирмалар соодагерлерге кагазга жазылган эмес, башка товарды жеткирип берүүдө. Мындан тышкары азыркы тапта Кыргызстан Түркия, Кытай жана Өзбекстандын Бажы кызматтары менен биргеликте товар жана транспорт тууралуу электрондук маалымат алмашуу механизми иштелип чыгып жатканы айтылууда.