"Эдельвейс" полигонунда Борбордук-Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн бөлүмдөрү менен “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу өттү. Ага Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин миңден ашык аскер кызматкерлери катышып, 150дөн ашык аскердик техникалар тартылды. Машыгуунун алкагында биргелешкен антитеррордук операция өтүп, уюмга мүчө мамлекеттердин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттерди даярдоо ыкмалары көрсөтүлдү.