Жаңылыктар
Талант Мамытов парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясына катышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Вена шаарында өтүп жаткан парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясында сөз сүйлөдү. 

Ал тынчтыкка жана демократияны чыңдоого багытталган жалпы баалуулуктарды, идеяларды бириктирген Парламенттер аралык бирликтин бедели жогору экенин баса белгиледи. Төрага бардык парламентарийлер глобалдык маселелер боюнча өз позициясын ачык жана айкын билдирүү үчүн ушул аянтчаны эркин колдоно алышарын кошумчалады. 

Андан сырткары, 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилегенин айткан Төрага, бул мезгил аралыгында демократиялык принциптерге таянган бир катар эл аралык келишимдерге кошулганын маалымдады. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу Кыргызстандын калкы жана экономикасы COVID-19 пандемиясынан жабыркаганын айткан Талант Мамытов, дүйнөлүк коомчулуктун колдоосунун аркасында көйгөйлөр чечилип жатканын белгиледи.

Мындан тышкары Төрага климаттын глобалдык өзгөрүү маселелерине токтолуп, аталгаан апаатты биргелешип чечүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылды. Сөзүнүн аягында Төрага конференцияга катышып жаткан бардык кесиптештерин Парламенттер аралык бирлик алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө жана элдердин бакубаттуулугу үчүн берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырды.