Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында кардиохирургия борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон-Ата шаарында кардиохирургия борбору ачылды

Чолпон-Атада жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунун инновациялык кардиохирургия борборунун ачылышы болду. 

Анын базасында 20 орунга ылайыкталган кардиохирургия бөлүмү иштейт. Анда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоонун жана диагноз коюунун заманбап ыкмалары колдонулат. Мындай жүрөккө операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган борбор Ысык-Көл облусунда жок болчу. 

Мекемеде кардиохирургиялык операция бөлүмү, реанимация бөлүмү, ошондой эле реабилитация бөлүмү бар. Борбордун базасында тубаса жүрөк оорусуна кабылган жети жаштагы балага биринчи операция акысыз жасалды. Операция кайрымдуулук фонддордун колдоосу менен ишке ашты. Бүгүнкү күндө баланын абалы туруктуу экени айтылды. Адистер баштапкы этапта бир жылда 50гө чейин операция жасоону пландап жатышат.