Өлкөдө 10-11-сентябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, республиканын көпчүлүк аймагында кыска мөөнөттүү жаан жаайт.
Мындан сырткары бийик тоолуу аймактардын кээ бир райондорунда күн күркүрөп, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 17-22 метрге чейин жетет. Мындай туруксуз аба ырайы транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда мал багууну кыйындатат.