Жаңылыктар
Бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 14 миң 243 адам эмдөөдөн өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 14 миң 243 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 14 миң 243 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 990 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 253 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 720 миң 210 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 504 миң 998 жаран экинчи өлчөмү менен эмделди.