Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында футбол академиясы курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында футбол академиясы курулууда

Жалал-Абад шаарында футбол академиясынын курулушу жүрүп жатат. Сүрөттө долбоордун үлгүлөрү көрсөтүлгөн. Эскерте кетсек, академия акыркы технологияларды колдонуу менен салынып жатат. 

Бул жерде 7 жаштан 17 жашка чейинки 200гө жакын бала билим алат. Мындан тышкары, 18 жаштан жогорку балдардан турган эки команда машыктырылат. Академияда үч чоң жана эки кичи-футбол аянтчасы, жабык спорт залы, унаа токтотуучу жай, ашкана жана жатакана болот. Айта кетчү нерсе, футбол академиясы ишкерлердин колдоосу менен курулууда.