Бүгүнкү күнгө карата кыргыз фондулук биржасынын индекси рекорддук чекке жетти. Индекстерди эсептөөдө баалуу кагаздардын кунунун өсүшү боюнча "Манас" эл аралык аэропортунун акциялары жогору.
Аба майдандын акцияларынын баасы өткөн жумада 330 сомдон 350 сомго чейин жогорулаган. Кыргыз фондулук биржасынын эксперттери муну туристтик сезондун ийгиликтүү өтүшү менен байланыштырууда. Быйыл Кыргызстанда туристтик сезонду узартуу максатында окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынган.
Бул көптөгөн кыргызстандыктарга чет өлкөдө эс алууга мүмкүнчүлүк берип, буга байланыштуу аба каттамдарынын саны да көбөйгөн. Бул көрсөткүч "Манас" аэропортунун кирешесине натыйжалуу салым кошуп, баалуу кагаздардын наркына да оң таасирин тийгизди. Бул өлкөнүн фондулук рыногунда соода ишмердүүлүгүн активдештирүүгө өбөлгө түздү.