Жаңылыктар
Чоң-Кемин өрөөнүндөгү токойдон чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Кемин өрөөнүндөгү токойдон чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда

Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүндөгү Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз Ала-Тоосундагы Көк-Жар, Борду коктуларында 7-сентябрда чыккан өрт, карагай-арчалардын күйүүсү өчүрүлүүдө.  

Өрттүү өчүрүүгө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы, 4 офицердик курам жана Кемин, Чүй, Токмок шаарларынын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары жалпы 60 кызматкер, ошондой эле Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан болжол менен 20 жаран болуп саат 7:00дө өрттү өчүрүүгө чыгып кетишкендиги тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.