Жаңылыктар
Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук базардан өрт чыгып, 2500 чарчы метр аянт күйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук базардан өрт чыгып, 2500 чарчы метр аянт күйдү

Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан борбордук базардан өрт чыккандыгы тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 18 куткаруучу тартылган. Өрт саат 9-сентябрь күнү 05:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен базардын 2500 чарчы метр аянты күйгөн, жабыркагандар жок.