Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 14 миң 629 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 292 адам вакцинанын биринчи дозасын, 8 миң 337 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 714 миң 26 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 497 миң 664 жаран экинчи өлчөмү менен эмделди.