Жалал-Абад облусунда 3 жаран «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун 3 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти. Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 16 адам каттоодон чыгарылды.
Ошондой эле 8 айда чет элдик жарандарга, жогорку жана орто билим берүү мекемелерине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 571 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда облус аймагында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында 545 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 485 адам «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.