Жаңылыктар
Айыл чарба кызматкерлеринин 69 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарба кызматкерлеринин 69 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин 69 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу брифинг учурунда министрликтин статс-катчысы Нурдин Алишеров билдирди. 

Айтымында, министрликте техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлерин кошкондо жалпы 9 миң 125 адам иштейт. Жалпы кызматкерлердин ичинен 6 341 адам эмдөөдөн өттү. 1 миң 324 кызмактер COVID-19 менен ооруган. Ал эми 1 миң 460 кызматкер вакцина алган эмес. Алар өнөкөт оорусу бар адамдар - деп билдирди Алишеров.