Кемин районунун Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токойунда чыккан өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан.
Тилсиз жоо менен күрөшүп, өрттү өчүрүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары күн-түн дебей күрөшүп жатышат. Жаратылыш шарты катаал бул аймакта өрт менен күрөшүү чоң эмгекти талап кылып, куткаруучулар ондогон чакырымды жөө басып өтүүдө.
Кургакчылыктан улам токойлордогу жана тоо боорундагы чөптөр куурап, өрттүн келип чыгуу коркунучу өтө жогору. Мындай шартта, өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөңүздөрдү өтүнөбүз.
Дал ушундай этиятсыздыктан келип чыккан өрт кече жакында Түркия мамлекетине эбегейсиз чоң чыгым алып келип, ондогон адам каза таап, миңдеген гектар токойду жок кылды. Табиятты, токойлорду сактоо жана коргоо баарыбыздын милдетибиз,- деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.